Көмүр бар, эми баа жана аны жеткирүү маанилүү
Кыш жакындаган сайын, жылытуу, көмүр маселеси ар бир үй бүлөнүн, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин негизги маселелеринин чокусуна чыгат. Анткени, Кыргызстанда миңдеген үй-бүлөнүн кыштан жылуу чыгышы кара отундун жеткиликтүүлүгүнө, баасына жана өз убагында жеткирилишине байланыштуу болот. Быйыл көмүр өндүрүүнү көбөйтүү, ташуунун жаңы жолдорун уюштуруу жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Бирок, болбой эле элди түйшөлткөн “көмүр жетиштүү болобу, баасы калктын чөнтөгүнө туура келеби же кабыл алынган чечимдер иш жүзүндө ашабы?” — деген суроолор пайда боло берет. Мына ошонун айланасында ой калчап, тиешелүү маалыматтарга таянып талдап көрөлү. Ал эми кийинкиде “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчилиги тарабынан да маек уюштуруп, калк ичинде кандай суроолор болуп жатса, ага жооп алып, гезит бетине орун беребиз.
Аракеттин акыбети кайтсын
“Кыштын камын жайда көр”- деген кыргыздын накыл сөзү. Ар бир кыштын камылгасын көрүү аткаруу бийлигине, тиешелүү мамлекеттик уюмдар үчүн жогорку мааниге айланат. Анткени, кышка даярдыктын түмөн түйшүгү көмүр казып алуу менен эле бүтпөйт. Шаар жашоочуларына жылуулук берүү үчүн көмүрдү кампаларга жеткирүү жагы бар болсо, айыл жерлерине запасын жеткиликтүү кылуу жана үзгүлтүксүз сатуу маанилүү.
“Кыргызкөмүр” ААКсынын маалыматына таяна турган болсок, 2026-жылдын октябрь айына карата Кара-Кече кенинде 1 миллион 12 миң тоннадан ашык көмүр казылып, жылдык планды болжол менен 75 пайызга аткарышкан. 2026-жылга карата план 1 миллион 622 миң тонна көмүр казуу болгон. Эми өндүрүш жеңил шартта жүрүп жатпагандыгы баарыбызга эле белгилүү. Күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташы, жаан-чачын, жер кыртышын ачуу иштеринин көбөйүшү жана көмүр катмарларынын тереңдеши чыгымдарды кыйла эле жогорулатса керек. Аталган ишкананын маалыматы боюнча, жылдын алгачкы жети айында 6,5 миллион куб метрден ашык жердин кыртышы тазаланган. Бир тонна көмүр казып алуу үчүн орточо 8 куб метр жер кыртышын алуу талап кылынган. Бул көрсөткүчтөр кенчилердин эмгегин жана өндүрүштөгү татаалдыктарды көрсөтөт. Ошол эле учурда, көмүрдүн казылып алынышы менен анын бардыгы керектөөчүгө жетти дегенди билдирбейт. Жол, транспорт, кампалардын мүмкүнчүлүгү жана аба ырайы жеткирүүнүн ыргагына түз таасир этет. Тоо койнунда басылып алынган жол түйшүгүн биз эмес, ташып келгендер айтса ары карап ыйлап, бери карап дагы ыйлайсың. Өкмөттүн белгиленген планы боюнча, Кара-Кечеден 700 миң тонна көмүрдү Бишкек ЖЭБине, 700 миң тоннасын калкка, дагы 200 миң тоннасын бюджеттик жана социалдык мекемелерге жеткирүү каралган. Бул бөлүштүрүүдө калк менен энергетикалык объектилердин керектөөсүн бирдей эле камсыздоо негизги милдет бойдон калууда.
Демек, кендердин даярдыгын өндүрүштүн көлөмүнөн тышкары, пландалган көмүрдүн канчасы кампага же элге өз убагында жеткенине да көңүл буруубуз зарыл. Аракетке жараша алдыда ал максаттар да ишке ашса керек.
Көмүр баасы элдин чөнтөгүнө туура келеби?
Көмүрдүн баасы кыш алдында көпчүлүк үй-бүлөлөрдү ойлондурган башкы маселе. Айрыкча, үйүн көмүр менен жылыткан үй-бүлөлөр үчүн бир тонна отундун наркы үй-бүлөлүк бюджетке олуттуу таасир этет. 2026-жылдын октябрь айындагы эле маалыматтарга үңүлө турган болсок, Бишкектеги “Кыргызкөмүр” менен иштешкен айрым кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылып жатканы айтылган. Ал эми Беловодское айылына темир жол менен жеткирилген көмүрдүн тоннасы 7 200 сом деп көрсөтүлгөн. Эң эле арзан баа Ош облусунда экен, тоннасы 3 789 сомдон башталат. Нарын облусунда көмүр 4 600 сомдон.
Ал эми Баткен облусунда Сүлүктү көмүрүнүн баасы 7 779 сом 70 тыйындан 14 миң 119 сомго чейин жетет. Салыштырмалуу айта турган болсок, 2025-жылы болжолу Бишкектеги социалдык көмүр кампаларында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 800 сомдон сатылган. Демек, ушул эки көрсөткүчтү салыштырганда, азыркы 7 миң сомдук баа 1 200 сомго же болжол менен 20,7 пайызга жогору дегендик. Бирок, бул бардык көмүр сатуу жайларындагы бааларды толук чагылдырбайт, мүмкүн жеткирүү аралыгы жана сатуу шарттары айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, бир үй-бүлө эки тонна көмүр алса, 7 миң сомдук баа менен 14 миң сом төлөйт. 5 800 сомдук мурдагы баа менен салыштырганда, ошол эле көлөм үчүн 2 400 сом көбүрөөк каражат талап кылынууда. Бул деген көмүрдүн баасы бир үй-бүлөнүн күнүмдүк чыгымдарына түздөн-түз таасир этерин көрсөткөн жөнөкөй эсеп.
Мына ушул жагдайларды эске алып, баанын өсүшүнө каршы чара катары Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругуна ылайык, 22-октябрдан тартып көмүрдүн калкка сатылуучу баасына 90 күндүк мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Анын негизинде, аймактар боюнча баанын жогорку чектери белгиленип, алардын сакталышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөп турат. Белгиленген баадан жогору саткан жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул каралган. Эми ушуну жергиликтүү бийлик көзөмөлүнө алып, элдер өздөрү да баам салып байкап турушса дегибиз келип турат. Болбосо, айрым жетекчилер чыгарылган чечимдерди унутта калтырып, эл азабын эсинен чыгарып койгон учурлары көп эле кездешет.
Дагы бир айта турган маанилүүсү, бааны кагаз жүзүндө эле чектөө менимче жетишсиз. Мындай көзөмөл иш жүзүндө жүргүзүлүп, көмүр саткан жайларда таразалардын тууралыгы жана баа көрсөтүлгөн такталардын болушу да текшерилиши керек. Жылуу үйдө, жылуу сөздөр, жылуу көз караштар болорун эске алсак, анда ошенткиле.
Өкмөт шарт түзүүдү, баалар туруктуу сакталышы керек
Көмүрдү казып алуу менен катар аны керектөөчүгө жеткирүү да өзүнчө чоң машакат. Бул багытта быйылкы кыш камылгасына көмүрдү темир жол аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейе баштаганын байкоодобуз. Маалыматтар боюнча Беловодское айылына көмүр жүктөлгөн сегиз вагон биринчи жолу темир жол менен жеткирилиптир. Ал эми Кочкор темир жол бекети аркылуу Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу уюштурулуптур. Мына ушул темир жол аркылуу көмүр ташуу аракети, автоунаа жолдоруна түшкөн жүктү азайтууга, ири көлөмдөгү көмүрдү жеткирүүгө жана ташууну уюштурууда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Анын калк үчүн чыныгы пайдасы эмне болуш керек? Менимче, тиешелүү министрликтин атайын «кара алтын» баасына карата мамлекеттик жөнгө салууну, көзөмөлдү киргизип жатканы деле ушундан улам. Пайдасы ушул. Болбосо, жалаң эле жеке тараптарга ташып келүүнү берип кое турган болсо, баа саясатына мынчалык кийлигише да, тапшырма бере да алмак эмес. Талап ар дайым күчтүү. Ушул кезде Бишкек көмүр кампаларына суроо-талап жогору экени байкалууда. «Кыргызкөмүрдүн» маалыматы боюнча, аз күн мурда Ден-Сяопин көчөсүндөгү кампага жеткирилген он вагон көмүрдүн жетөөсү кийинки күнү эле сатылып кеткен. Бул деген көмүрдү эрте камдоого болгон элдик кызыгуунун көрсөткүчү, ошондой эле талаптын жогору экенин билдирет. Албетте, бир кампадагы сатуулар бүтүндөй өлкөдө көмүрдүн жетиштүү же жетишсиз экенин аныктай албайт деңизчи, ошентсе да «Кыргызкөмүр» үчүн алдыдагы негизги милдети өндүрүштү туруктуу жүргүзүү, көмүрдү аймактарга өз убагында жеткирүү ишин камсыз кылуу жана калкка түшүнүктүү маалымат берүүдө калат.
Быйыл көмүр тармагында өндүрүштү көбөйтүү, жаңы логистикалык жолдорду пайдалануу жана бааны жөнгө салуу боюнча бир катар иштер колго алынууда. Эми алардын натыйжасы кыштын суугу күчөгөндө билинет. Эң башкысы, көмүрдүн кампаларда болушу, баалар белгиленген чектен ашпашы жана калк отунду өз убагында сатып ала алышы керек.
Күнболот Момоконов