"Эркин-Тоо"

24 жаштагы Айзанын өлүмүнө шектүү кармалды

2023-жылы 9-январда эртең менен Бишкек шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен Ички иштер министрлигинин академиясынын студенти Айза Улан кызы каза болгон. Бул окуяга шектүү айдоочу кармалганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 13-январда билдирди.

Окуя саат 07:10 чамасында Жибек Жолу чоң көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзгөндөн кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факт боюнча ЖКККББнын Издөө бөлүмү Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын жүргүздү. Жыйынтыгында «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — 1974-жылы туулган У.Н. кармалды.

Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Улан кызы Айза 1998-жылы 18-апрелде Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. 2005-жылы Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектепке барып, аны 2015-жылы алтын медаль менен аяктаган.

Мектеп боюнча жалгыз Айза «Flex» программасы боюнча Америка Кошмо Штаттарынын Индиана штатында окуган. 2016-2020-жылдары «Ата-Түрк Ала-Тоо» эл аралык университетинин Экономика жана менеджмент факультетинде билим алып, юриспруденция боюнча академиялык бакалавр даражасын алган. 2020-2021-жылдары Рим Ла Сапиенца (La Sapienza) университетинде магистратураны бүтүргөн.

2022-жылы Ички иштер министрлигинин академиясына кабыл алынып, билим алып жаткан.

«Айза эмгекчил, алдына койгон максаты бийик, жылдыздуу кыз болчу. Ал ар дайым улууга да, кичүүгө да жардам берүүгө аракет кылчу, активдүү ыктыярчы эле», — дешет жакындары.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!