"Эркин-Тоо"

28-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 28-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…21,

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +29…+31 градус болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!