"Эркин-Тоо"

29-майда Бишкектеги дагы бир көчө июлдун аягына чейин жабылат

29-майдан тарта Бишкектеги Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, аталган көчөдө оңдоо иштери жүрүп, чарбалык курулуштар жана тосмолор бузулат. Ошол эле учурда Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

«Оңдоо ишин ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Урматтуу жарандар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат», — деп жазылат билдирүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!