"Эркин-Тоо"

3-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, өлкө аймагында 3-6-май күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 үшүк жүрөт.

3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

​Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 15…17 градуска чейин жетет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!