"Эркин-Тоо"

30-мартта көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!