31 курулуш компаниясына эскертүү берилди

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 139

Курулушу белгиленген мөөнөттө бүтпөй, батирлерин күткөн жарандардын арыздары көбөйгөнүнө байланыштуу 31 курулуш компаниясынын иши каралды. Курулуш министри Нурдан Орунтаев мөөнөтүнөн кечиккен компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырмасын берди.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында курулуш иштерин өз убагында бүтүрө албай жаткан 31 компаниянын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Анда жарандардын кайрылуулары түшкөн объектилердин курулушу жана иштердин кечигүү себептери талкууланды.

Министр тиешелүү департаменттерге милдеттенмелерин аткарбай жаткан компанияларга жаңы курулуштарды баштоого уруксат бербөө тапшырмасын койду. Ошондой эле инспекторлорго бүтпөй жаткан объектилерди тыкыр көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары, айрым компаниялардын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Орунтаев курулуш компаниялары биринчи кезекте жарандардын алдындагы милдеттенмелерин аткарып, батирлерди белгиленген мөөнөттө тапшырышы керектигин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин министрдин буйругу менен курулуштун «нөл цикли» аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардан жана юридикалык жактардан каражат тартууга, ошондой эле объектилерди жарнамалоого тыюу салынган.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X