"Эркин-Тоо"

Ошто 26 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Кенжекул айылынан белгисиз жаран каза болгон абалда Кара-Суу райондук ооруканасына келгендиги боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 2022-жылдын 23-июнь күнү саат 15:30 чамасында Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын кире беришинде жана ушул эле районго караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну 26 жаштагы С.Ж., менен Савай айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну У.А., атуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болуп, С.Ж., өзү менен кошо алып келген бычагы менен У.А. аттуу жарандын денесине бир нече жолу сайып жиберген.

Натыйжада У.А., алган жаратынан ооруканага жетпей каза болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумга карата денесине кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган факт 2022-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну С.Ж., аттуу жаран кармалып, Кара-Суу РИИБдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!