Бүгүн, 25-августта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.