"Эркин-Тоо"

+41°… 21-июлдан 25-июлга чейин ысык аба ырайы күтүлөт

Бүгүн, 21-июлдан тарта 25-июлга чейин ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында 37…42º, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!