"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №13 2023-жылдын 21-февралы

Курулуш тармагын реформалоо бүгүнкү күндүн талабы

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иши каралды. Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймагынын сейсмикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорун эки жумалык мөөнөттө кароого киргизүүнү тапшырды. Ансыз да Түркиядагы зилзаладан кийин биздеги курулуштардын сейсмикалык туруктуулугу, сапаты коомчулук арасында көп суроолорду жаратып жаткан учур. Курулуш тармагын реформалоо күндүн темасы болуп турган кез. Аткаруу бийлиги билек түрө бул тармакты реформалоого бүгүн киришпесе, эртең кеч болуп калаары баарыбызга белгилүү болуп турат. Акылбек Жапаров да курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорун өкмөттүн кароосуна киргизүүгө бекер жеринен эки жумалык мөөнөт бербесе керек…


USAID социалдык камсыздоого багытталган долбоорлорду колдоого даяр

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрация Жетекчиси Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобель Коулман менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, креативдүү экономика, калктын аяр катмарын колдоо жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. Акылбек Жапаров мамлекет тарабынан калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо боюнча иштиктүү чаралар көрүлүп жатканын, “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам» долбоорун ишке ашырууда жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат бөлүнө турганына токтолду. Изобель Коулман саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо системаларын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга салым кошууга даяр экенин билдирди.


Чек ара бекем болсо, элдин жашоосу да тынч болот

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара маселеси чечилбей, саясат алдыңкы орунга чыгып кеткендиктен улам артка жылып келген. Кытай жана Казакстан менен чек араны тактап, акыркы чекит коюлганда дагы өлкөдө саясат апогейине чыккан. Эми Өзбекстан менен чек арабызды толук такташып, тийиштүү ишчаралар бүтүп жатканда дагы эски адат кайра кайталанып, саясат алдыңкы орунга чыкты. Чек ара саясат жасай турган маселе эмес экенин такыр түшүнбөй койдук. Чек ара бекем болсо, элдин жашоосу да тынч болот эмеспи. 12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштурууукуктук маселелерин макулдашуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылып, протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу биздин аймакта өтө турган болду.


Сапарга чыгып, саякат жасайм дегендерге көзөмөл катуу болот

Мындан кийин чет өлкөгө ар кандай деңгээлдеги сапарларды шылтоолоп, саякат жасайм деген чиновниктер тизгиндерин тарта турган болду. Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйынында чет өлкөлүк сапарлардын максатка ылайыктуулугу боюнча кылдат талдоо жүргүзүү маанилүү экенин баса белгиледи. Иш сапар деп чет өлкөгө тынбай чыгып, “саякатчы” аталган чиновниктердин мамлекет үчүн кандай жемиштүү иштерди бүтүргөндүгү караңгы боюнча калып жатканы чындык. Министрлер Кабинетинин башчысынын “Ар бир сапардын жыйынтыгы боюнча саякат мамлекеттин же чакырган тараптын эсебинен уюштурулганына карабастан, сапардын жыйынтыгы боюнча отчёт берүү зарыл. Бул маселе ведомство жетекчилери тараптан катуу көзөмөлгө алынууга тийиш” деп жөн жерден айткан жок. Көзөмөл катуу болгон соң мамлекеттин эсебинен саякат жасаган аткаминерлер тартипке түшүп, сапардын маанилүүлүгүнө, жоопкерчилик артыла турганына, негизгиси жетекчилерге, элге отчёт берүү керек экенин аңдашат да, туурабы?


Жер семирткичтерди экспорттоого эч ким батына албайт

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш жазгы талаа жумуштарына даярдыктар кандай жүрүп жатканы боюнча Министрлер Кабинетинин маалыматын уккан. Анда суроо берген депутаттардын көбү дыйкандарды минералдык жер семирткичтер кыйын абалга кептеп жатканын айткан болчу. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бул жылы жер семирткичтер боюнча эч кандай көйгөй жаралбай турганын билдирген эле. Ошондой эле болсун дейли… Жума күнү Министрлер Кабинети минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салган чечимди кабыл алды. Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган. Эми өткөн жылдагыдай болуп Баткен аркылуу жер семирткичтер коңшу Тажикстанга сатылып жатат деген ызы-чуу токтоп, өзүбүздүн дыйкандар жер семирткичтерди кенен-кесир алмай болду.


Азия өнүктүрүү банкы кыргыз экономикасы өскөнүн кубаттады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков менен жолугушту. Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү экендигин, экономика тармактарын өнүктүрүүдө аталган уюм менен кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу артыкчылыктуу маселе экенин, жакынкы жылдары өлкө боюнча 50дөн 100гө чейин чакан ГЭСтер ишке кире турганын, күн жана шамал электр станцияларын ишке киргизүү пландалганын баса белгилеп, жашыл сертификаттардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну үйрөнүүнү, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө финансылык каражат тартууну каалай тургандыгыбызга токтолду. Евгений Жуков алгач өткөн жылы Кыргызстандын экономикасы 7 пайызга өскөнүнө токтолуп, бул Жапаров башында турган команданын эмгеги экенин айтты. АӨБ ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде энергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирди. АӨБ сыяктуу финансы институт Кыргызстандын экономикасы кыйын кезде 7 пайызга өскөнүн сөз кылып, өлкө жетекчилерин куттуктап жатканы жакшы жышаан. Эл аралык ишеним ушинтип жаралат эмеспи.


Япония Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга кызыкдар

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэкини кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги, билим берүү, туризм, эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери козголду. Эдил Байсалов билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын көптөгөн стипендианттары Япониянын университеттеринде билим алат деген ишенимин билдирди. Элчи Года Хидэки мырза билим берүү, туризм, эмгек миграциясы, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн башка чөйрөлөрүндө кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин ырастады. Ал Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берүү үчүн Япониянын жалпыга маалымдоо каражаттарын, туристтик компанияларынын өкүлдөрүн активдүү тартууну сунуштады.

№13 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 21-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!