"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Бангладеште аскердик учак мектепке кулап, 30дан ашуун адам каза болду

Бангладештин борбору Дакка шаарында аскердик учак мектепке кулап түшүп, 31ден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Euronews басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кырсык Дакканын түндүк-батышындагы Уттара районунда жайгашкан Milestone билим берүү комплексинде катталган. МиГ-21 үлгүсүндөгү аскердик учак окуу жайдын имаратына кулап, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 170ке чукул адам жаракат алып, алардын жок дегенде 24үнүн абалы оор экени айтылууда.

Өрттөнүп жаткан мектептен 20дан ашуун окуучуну сактап калган мугалим Махерин Чоудхури оор күйүк алып, ооруканада көз жумган. Курман болгондордун арасында көптөгөн жаш балдар бар. Айрымдарынын өздүгүн тактоо үчүн ДНК-тесттер талап кылынууда.

27 жаштагы учкуч Тукир Ислам бул учакты биринчи жолу инструкторсуз башкарган. Ал кырсык болгон жерде каза тапкан. Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, учкуч калктуу аймакты айланып өтүүгө аракет кылган.

Кырсыктын себептери боюнча иликтөө иштери башталды.

Өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн башчысы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус улуттук аза күтүү күнүн жарыялады.

Бул кырсык Бангладеш тарыхындагы эң трагедиялуу авиакырсыктардын бири катары бааланууда.