Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз министрлиги кабарлагандай, 2025-жылдын 8-августунда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө. Адистер мындай кырдаал калк жашаган аймактар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, төмөнкү сунуштарды берди:
-
Тоолуу райондордо эс алууну токтото туруу;
-
Жайгашкан жерлерди, короо-жайларды селден сактоо үчүн арыктарды тазалап, жээктерди бекемдөө.
Ошондой эле мекеме жарандарды кайсы бир кырдаалга кабылганда тез арада 112 кызматына кабарлоого чакырат.