Пакистандын түндүк-батышында селдин кесепетинен кеминде 340 адам каза болуп, 150дөн ашуун киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Euronews агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, эң көп жабыр тарткан аймак — Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Афганистан менен чектешкен Бунер району.
Учурда куткаруучулар тирүү калгандарды издөө жана урандылардын астынан каза болгондордун сөөгүн чыгаруу иштерин улантууда.
Бийликтин маалыматына ылайык, келтирилген зыяндын көлөмү азырынча тактала элек.