Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда УКМКнын Чек ара кызматынын жаңы штаб-квартирасынын курулушу башталды. Объекттин пайдубалына капсула коюу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Маалыматка караганда, заманбап имарат төрт кабаттан турат жана анын аймагында тик учак коно турган аянтча курулат. Камчыбек Ташиевдин айтымында, буга чейин Чек ара кызматы өзүнүн атайын имараты жок болуп, мурдагы окуу жайдын жатаканасында иш жүргүзүп келген.
“Чек ара кызматынын өзүнүн имараты болгон эмес. Буга чейин Чек ара кызматына 250дөн ашык объект курулган. Анын ичинде застава, пост жана бала бакчалар бар. Эми штаб-квартира да салынса, бул кызмат толук камсыз болот”, — деди УКМКнын төрагасы ЭлТР телеканалына берген маегинде.
Курулушту 2027-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.