"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Башкы прокуратурада жаңы кызмат түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагында Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн кызмат мамлекеттик орган статусуна ээ болуп, аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздайт.

Мекемеден билдиришкендей, Сот аткаруучулар кызматы коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү тууралуу ыкчам жана так маалымат берүү, ошондой эле жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу максатында расмий маалыматтык ресурстарын ишке киргизди.