"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Эркин Тоо гезити

Жаштардын ден соолугуна изилдөө жүргүзүлдү

Акыркы эки жыл аралыгында өлкөдө энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу тууралуу маселе көп эле жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору даярдалып, аларды жарнамалоого тыюу салуу чаралары колдонула баштаган. Бирок, көйгөй парламенттик трибунадан көтөрүлүп жатканда Кыргызстанда энергетикалык суусундуктардын организмге канчалык зыян экендигин аныктаган изилдөөлөр, статистикалык маалыматтар жок экени белгилүү болгон. Жакында бул мүчүлүштүк жоюлуп, изилдөөчү, медицина илиминин доктору М.М. Арстанбекова менен Р.Р. Тухватшиндин «Энергетикалык суусундуктар жана жаштардын ден соолугу» аталышындагы изилдөөсү ишке ашырылып, макала “Кыргызстандын саламаттыкты сактоо” журналына жарыяланды.

Аталган изилдөө тилекке каршы жакшы жыйынтык берген эмес. Сурамжылоого И.Ахунбаев атындагы КММАнын медицина, педиатрия жана стоматология факультеттеринин 2-3-курстарынын 150 студенти катышкан. Анкета энергетикалык суусундуктарды колдонуунун жыштыгын жана себептерин, алардын ден-соолукка жана натыйжалуулугуна субъективдүү баа берүүнү, ошондой эле суусундуктардын курамын жана тобокелдиктерди билүүгө багытталган 31 суроону камтыган. Чогултулган маалыматтар IBM SPSS статистикалык программалык камсыздоосун колдонуу менен иштетилип, сандык талдоо жүргүзүлгөн.

Натыйжада жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды колдонуунун кеңири таралганы аныкталган. Респонденттердин 60%га жакыны 450 мл суусундуктарды жактырышарын билдиришкен. Окумуштуулар бул 250 мл сунуш кылынган коопсуз дозадан ашат деп белгилешүүдө. Демек, бул ден соолук үчүн потенциалдуу коркунуч жаратат. Ошол эле учурда студенттердин 26%ы энергетикалык суусундуктардын курамында кофеин бар башка продуктулар менен айкалыштырууга уруксат беришерин ачык айтышкан. Бул – мисалы, энергетикалык суусундук ичкен студент тамеки да тартат дегенди билдирет. Ал эми студенттердин 48%ы үзгүлтүксүз энергетикалык суусундуктарды колдонушарын жашырышкан эмес. Айрым студенттер, алкоголдук ичимдиктерди үзгүлтүксүз ичишерин билдиришкен.

Анкетада берилген башка суроолор аркылуу ошол эле энергетикалык суусундуктарды ичип жүргөн жаштардын психоэмоционалдык абалынын начарлашы байкалган. Уйкусуздук, тынчсыздануу, кабыл алуунун төмөндөшү, кыжырдануу сыяктуу жаман адаттар пайда болгон. Изилдөөнүн жыйынтыгында энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизери жазылган. Андыктан, макаланын авторлору мындай жашоо образы келечекте жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келип, нерв системаларына жана психоэмоционалдык абалга зыяндуу таасир этерин белгилеп, коңгуроо кагышкан. Мындан тышкары жаштардагы кант диабетинин күчөшү байкалганы да белгиленген.

Белгилей кетүүчү жагдай, суралган студенттер медициналык факультеттерде окуп, ден-соолуктун канчалык маанилүү экендигин билген жаштар болгондугунда.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев да бул көйгөй боюнча ушул жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин фракциялык жыйындарынын биринде өз пикирин билдирген. Анда ал “энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу менен көйгөй чечилбейт” деп айта коюп, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Көп өтпөй министрлик расмий жооп берип, энергетикалык суусундуктарды колдонууну жөнгө салуу боюнча комплекстүү мамилени ишке ашырып жатканын түшүндүрүп, актанган. Башкача айтканда министрлик “зыяндуу суусундуктарды сатууда салыкты жогорулатуу, сатууну катуу көзөмөлдөө сыяктуу чараларга басым жасоо керек” деп сунушун бергенин билдирген. Бирок, ага тыюу салууну жактаган эмес.

Албетте азыр Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого чектөөлөр бар. Бирок, алардын айрымдарына “Адал сертификаттары” берилип сунушталып жүрөт. Мисалы, Дания, Түркия, Норвегия, Уругвай, Исландия жана АКШнын кээ бир штаттарында энергетикалык суусундуктарды жашы жете электерге сатууга тыюу салынган. Орусияда 2025-жылдын 1-мартынан тарта 18 жашка чейинки балдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга федералдык тыюу салуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде аларды колдонууга чектөөлөр киргизилген. Эми Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өзү редакторлук кылган “Кыргызстандын саламаттыкты сактоо” журналына жарыяланган биринчи изилдөө – биздин өлкөдөгү жагдайды да өзгөртөт деген ишеним бар. Же изилдөө, изилдөө бойдон эле калабы?

Жазгүл Кенжетаева