"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ЭМНЕ ҮЧҮН БИР СААТ 60 МҮНӨТ, БИР КҮН 24 СААТ?

Адам баласы убакытты так өлчөөгө умтулганына миңдеген жылдар өттү. Бирок биз бүгүн колдонуп жүргөн саат, мүнөт жана секунд бөлүнүшү жөн эле техникалык эмес – бул адамзаттын эң байыркы цивилизациясынын акылына сиңген философиялык мурас катары айтылып келет. Шумерлер эмне үчүн 60 санын “идеалдуу сан” деп атап келген. Адамзат тарыхындагы алгачкы ири цивилизация – Шумер дооруна такалат. Алар мындан 5000 жыл мурда азыркы Ирак аймагында гүлдөп өнүккөн мамлекет болгону маалым. Убакыт жана астрономиялык эсептөөлөрдө шумерлер алты ондук (sexagesimal) системаны колдонушкан. Башкача айтканда, алардын негизги саны – 60 болгон. Эмне үчүн 40, 50 эмес, 60 болгон?.. деген суроо жаралат. Себеби, бул санды 1, 2, 3, 4, 5, 6, 10, 12, 15, 20 жана 30га так бөлүүгө болот. Ошондуктан 60 саны эң “универсалдуу” жана ыңгайлуу сан катары кабыл алынган. Шумерлер үчүн математика – жаратылыш мыйзамдарынын көркөм тили болгон. Алар асман телолорунун кыймылын байкап, асманды 60 бирдей бөлүккө бөлүшкөн. Бул бөлүнүү кийин убакытты эсептөөдө да колдонулган — деген маалыматтар бар.

Бир сутка 24 саат, 1 саат 60 мүнөт, 1 мүнөт 60 секунд. Шумердик байкоолорду кийин вавилондуктар өркүндөтүп, алар асманды 12 негизги секторго, башкача айтканда азыркы зодиактык белги системасына бөлгөнүн жакшы билебиз. Ошондон улам “бир сутка – 12 саат жарык, 12 саат караңгы” деген түшүнүк жаралып, бүгүнкү 24 сааттык цикл калыптанган. Мындай бөлүнүү жаратылыш ритмине туура келгенин аныкташкан. Асмандагы ай бир жыл ичинде болжол менен 12 жолу чыгат, бир жыл 360° бурчтук кыймыл менен түшүндүрүлгөн, 6×60 = 360 – бул да шумерлер үчүн идеалдуу айлампа болгон. Ошентип, убакыттын бөлүнүшү асман кыймылы менен жаратылыш циклине шайкеш келип, миңдеген жылдар бою өзгөрүүсүз сакталып калган.

Ондук система – адамдын колунан чыккан жеңилдик. Кийинчерээк египеттиктер жана гректер эсептөөнү жеңилдетүү үчүн ондук системаны иштеп чыгышкан. Себеби, ондук система адамдын он манжасына ылайыкташкан. Бухгалтерия, соода жана эсеп жүргүзүүдө алты ондуктан көрө ондук ыкма ыңгайлуу болгондуктан, акырында бүт дүйнө ошол системага өткөн. Бирок убакыт, бурч жана геометрия сыяктуу тармактарда шумерлердин адамзатка калтырган мурасы сакталып келе жатат. Биз бүгүн да 1 саат = 60 мүнөт, 1 мүнөт = 60 секунд, айлана = 360° деп эсептейбиз. Бул – байыркы шумерлердин доорунан адамзатка калтырылган акылдын азыркы дүйнөдөгү эң туруктуу көрүнүшү.

Адамзат үчүн убакыт – байыркы мурас, түбөлүктүү түшүнүк. Шумерлер жер жүзүнөн жок болуп кетишкен, бирок алардын убакытты түшүнүү жолу бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатат. Биз колдонгон ар бир саат жана секунд алардын миңдеген жыл мурунку ойлоп табуусунун жыйынтыгы. Бул – адамзаттын бирдиктүү акылынын далили. Цивилизация алмашса да уламдан улам өркүндөп, өткөн доордун билимине таянуу эч качан токтогон эмес. Шумер цивилизациясы — адамзат тарыхындагы эң алгачкы шаардык маданияттардын бири болуп, болжол менен б.з.ч. 4000–2000-жылдар аралыгында гүлдөп жашаган. Бирок “жок болуп кетүү” дегенде алар бир заматта жоголуп кеткен эмес — тарыхый, саясий жана тилдик жактан акырындык менен башка элдерге сиңип кеткен. Шумерлердин гүлдөп өскөн мезгили б.з.ч. 3500–2300-жылдар деп айтылып келет. Шумер шаар-мамлекеттеринин өнүккөн доору Ур, Урук, Лагаш, Ниппур, Эриду сыяктуу шаарлар менен аныкталган. Бул мезгилде алар жазууну (кадам жазуу) ойлоп табышкан, астрономияны, математика жана мыйзам системасын негиздешкен.

Аккаддык басып алуу (б.з.ч. 2334–2154-ж.) Аккад падышасы Саргон Улуу шумер шаарларын бириктирип, Биринчи Аккад империясын түзгөн. Шумер тили акырындык менен аккад тилинин алдында экинчи орунга түшүп, бирок диний жана илимий тил катары жашай берген. Урдун Үчүнчү династиясы (б.з.ч. 2112–2004-ж.) жашап келген. Бул акыркы улуу “Шумер кайра жаралуу доору” деп аталган. Ур-Намму жана анын мураскери Шульги мыйзам, экономика, архитектурада зор өнүгүүнү жараткан. Бирок б.з.ч. 2004-жылы башка коңшу элдер Ур шаарын талкалашат. Жоголуу жана сиңип кетүү (б.з.ч. 2000–1700-жылдар) мезгили 5000 жыл мурда – Ур кулагандан кийин Шумер аймагын аморейлер (б.а. семит тектүү элдер) басып алган. Алар Вавилонду борбор кылып, жаңы мамлекет түзүшкөн. Шумер тили б.з.ч. 1800–1700-жылдары күнүмдүк турмушта колдонулбай калып, бирок ыйык тил катары дагы миң жылга чейин сакталганы айтылат.

Бахпурбек Аленов