"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Алайдагы кооптуу делген айыл көчүрүлөт

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 10-декабрда Алай районунун тургундары менен жолугушууда 1994-жылы кооптуу деп табылган Таш-Короо айылын көчүрүү маселесин көтөрдү.

ӨКМ бул аймак боюнча корутунду чыгарган жана тургундарга көчүп кетүүгө жер тилкелери менен акчалай жардамдар бөлүнгөн. Бирок бул боюнча иштер аткарылбагандыгын айткан Аманкан Кенжебаев, жолугушууда айыл элин коопсуз аймакка көчүрүү боюнча тапшырма берди.

ӨКМ кооптуу делген аймактарда көчкү жүрүү ыктымалдыгы жогору экенин билдирди.