«Келечек» базарын көчүрүү жаз айына жылдырылды

11-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 73

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 11-декабрдагы рейддик кыдыруусунда жаңы Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарына барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мэр базарлардагы курулуш иштериндеги кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Б.Осмонов көчөсүндөгү эски аэропорттун ордуна курулган бир канча курулуштарды текшерүүнүн тапшырды.

Алардын катарында “Элдорадо” рестораны, “Мегаполис” соода борбору жана башка соода жайлары бар.

«Келечек» базарын көчүрүү маселеси талкууланып, соодагерлерди кыштын ызгаарында кыйнабоо максатында көчүрүү мөөнөтүн 1-мартка жылдыруу чечими кабыл алынды.

11-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X