Быйыл, 2025-жылы, өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Видеокөзөмөлдөр окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коюлду.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 2 миң 394 мектеп бар. Анын ичинен 1 миң 848 мектеп видеокамералар менен жабдылган. Учурда бул иштер улантылууда.

