Республика боюнча мектептердин 80%ына видеокөзөмөл орнотулду

23-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Билим 65

Быйыл, 2025-жылы, өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Видеокөзөмөлдөр окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коюлду.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 2 миң 394 мектеп бар. Анын ичинен 1 миң 848 мектеп видеокамералар менен жабдылган. Учурда бул иштер улантылууда.

23-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Билим 65
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X