"Эркин-Тоо"
Сулуулук сырлары

Сулуулук үчүн үй шартындагы рецепттер

  • Чалкан маскасы

Чалкан чакпайт, сулуу кылат.  1 чоң кашык чалкандын майдаланган жалбырагын 1 чоң кашык жылуу сүткө аралаштырып, 10 мүнөт коюп коёсуз. Муздаган соң 1 чай кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз да, бетиңизге, моюнуңузга 20 мүнөт коёсуз.

  • Бадыраң маскасы

Бадыраң менен беттин терисин агартса болот. Бадыраңды тазалап, туурагычтан өткөрүңүз. Бадыраңдын ортосундагы жумшак жерин алып салып, 1 чай кашык лимон ширеси менен жарым аш кашык каймак кошуп, аралаштырабыз. Даяр болгон масканы бетке сүйкөп, 15 мүнөт кармап, андан кийин бетти жуйбуз.

  • Сулунун Маскасы

Үй шартында бетиңизди ыңгайлуу жана тез агартууга жардам берет.

1 аш кашык сулуга 2 аш кашык помидор ширесин кошуп аралаштырабыз. Пайда болгон массаны териге сүйкөп, 15 мүнөт күтүп, андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

  • Лимон маскасы

Лимондун маскалары пигментацияга каршы натыйжалуу.

Лимон шиширеси, бал, зайтун майын алып, ингредиенттерди бирдей пропорцияда 1 аш кашыкка аралаштырыңыз. Пайда болгон массаны бетке сүйкөңүз. 25 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

  • Петрушка маскасы

Петрушка – бетти агартуучу эң сонун каражат.

Петрушканын жаңы сыгылган 2 чоң кашык ширесине бир   жумуртканын сарысын, 1 чай  кашык айранга кошуп аралаштырып, маска жасайсыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт коюп андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.