"Эркин-Тоо"

Аба ырайы: эртең айрым аймактарда жаан катуу жаашы мүмкүн

Эртең, 14-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирет.

Ага ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4…10, күндүз 15…20;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!