Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда 2021-жылдын 5-июлунан 8-июлуна чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул мезгил аралыгында абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы, 7-8-июлдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жогорулайт.