"Эркин-Тоо"

Адам өз ойлорунун туткуну

Окумуштуулар, илимпоздор жана психологдор көп жылдар бою адамдын мээсин сырдуу объект катары изилдөөгө аракет кылып келишет.  Изилдөөлөр канчалык арбын экенине карабастан, анын кандайча иштери биз үчүн дагы эле табышмак бойдон калууда.

Мисалы, бүгүнкү күндөгү көптөгөн психологдор өз тренингдеринде айткандай же психологиялык китептерде жазылгандай, адамдын ойлору чындап эле ден-соолугубузга, жашоо образыбызга, каржылык абалыбызга, жада калса тагдырыбызга таасир эте алабы? Чын эле туура ой жүгүртүү менен оорудан айыкса болобу же байыса болобу? Ойдун күчү эмнеде?

Мээ татаал жана көп баскычтуу механизм. Ал физикалык сезимдерге, кабылдоо органдарына, кыймыл-аракетке, логикага, фантазияга, сезимдерге, эмоцияларга жана башка көптөгөн нерселерге жоопкер бир канча зоналардан турат. Деги эле адамдын ою кандай экенин илимпоздордун эч кимиси так сүрөттөй алышпайт. Ой абстракттуу нерсе болгондуктан аны сезүү, көрүү мүмкүн эмес. Бирок акыркы убактарда ой тууралуу, анын тартуу күчү, адамдын иш-аракеттерине жана жашоосуна таасир тийгизе алган табышмактуу күчү тууралуу психологияда да, элдик нарк-насилде да, диний окууларда да арбын кеп козголуп келет. Бул теманы зор кызыгуу менен изилдеген топтор ойдун күчү төмөнкүлөргө жөндөмдүү деген гипотезаларды айтышат:

Адамдын ден соолугун жакшыртуу;

Жашоо сапатын жакшыртуу;

Максаттарга жетүү процессин тездетүү;

Тагдырдын оң же тескери багытка бурулуусуна таасир берүү;

Физикалык күчтү жогорулатуу (күч, чыдамкайлык, ийкемдүүлүк, ж.б.)Ар кайсы учурда ар түрдүү илимпоздор тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн көбү дал ушул гипотезаларды ырастоого же жокко чыгарууга багытталган.

Ой күчүн изилдөөдө бразилиялык окумуштуу Мигель Николелистин изилдөөсү негизги ролду ойногон. Окумуштуу бир нече келемиштердин мээсине электроддорду имплантациялап, мунун натыйжасында ал жаныбарлар нерв клеткаларынын электрдик активдүүлүгүн синхрондоштурууга, ошону менен бир жалпы мээни түзүүгө жөндөмдүү экендигин аныктап чыккан. Бул интерфейс “Мээден мээге” деп аталып, эксперименттин автору өзү аны «Органикалык компьютер» деп атаган. Келемиштердин мээси жиберген электрдик импульстар бир микросхемадагыдай бириктирилген. Мунун аркасында бир тармакка туташкан бир нече жаныбарлар ар кандай тышкы стимулдарды айырмалоону үйрөнүшкөн. Алар муну жалгыз кишиге караганда жакшыраак аткарышкандыгын белгилей кетүү керек.

Ой күчүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасири менен олуттуу түрдө алектенген алгачкы окумуштуулардын бири америкалык генетик Брюс Липтон болгон. Ал бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын жардамы менен адам айыгууга болгон ишениминин аркасында ар кандай оорудан арыла алат деген гипотезаны ырастоону каалаган. Өмүрүн гендик инженерияга арнаган Липтон академиялык чөйрөдө кеңири белгилүү болгон. Окумуштуу узак убакыт бою адамдын сырткы көрүнүшүн, мүнөзүн, жөндөмдүүлүктөрүн, интеллектин, ооруларын, ал тургай жашоо узактыгын аныктоо — генден деп эсептеген. Ал, эч ким өзүнүн генетикалык кодун өзгөртө албасына, ошондуктан бардык адамдар муну табияттан берилген нерсе катары кабыл алып, буга чыдоого мүмкүнчүлүктөрү жетерине ишенген. Бирок Липтондун көз караштары 1980-жылдардын аягында клетка мембранасынын жүрүм-туруму боюнча эксперименттерден кийин өзгөргөн. Бул эксперименттер гендин түзүлүшүнө клеткага болгон сырткы ар кандай таасирлер тийиши мүмкүн экенин, бул кубулуш ал тургай гендин түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө алып келерин аныктаган. Ал дары-дармектин айыктыруучу күчүнө ишенүү адамдын организминде болуп жаткан процесстерди молекулярдык деңгээлде да өзгөртө аларына түшүнгөн.

Ой тууралуу дагы бир кызык окуя… XX кылымдын 50-жылдары Португалиядан Мадера шарабын ташыган англиялык жүк ташуучу кеме Шотландиянын портуна токтойт. Кемедеги деңизчилердин бири кеменин муздаткыч бөлмөсүнө шараптын баардык бөтөлкөлөрү жээкке түшкөнүн текшерүү үчүн кирет. Аны байкабаган башка деңизчи муздаткыч бөлмөнүн эшигин сыртынан бекитип коёт. Шарап сактоочу кампада камалып калган адам чыкканга аракет кылат. Бирок анын кыйкырып, эшикти колу менен ургулаганы сыртка угулбайт. Кеме кайрадан Португалияны көздөй сапар тартат.

Деңизчи бөлмөнүн ичинен өзүнө жетиштүү тамак-аш таап, бирок бул суук бөлмөдө көпкө чыдай албайм деп ойлойт. Убакытты жөн эле коротпостон, өлүм алдында кандай сезимдер курчаганын баяндап кетейин деп, темир менен дубалга күн сайын чиймелеп жаза баштайт. Ал өзүнүн өлүм алдындагы азаптарын илимий тактык менен жазат. Алгач денеси муздаганын, андан соң мурдун үшүк алганын, колдору менен буттарынын учтарындагы жансыздыкты, үшүктөн улам жан чыдагыс абалга кабылганын кеңири баяндайт. Кеме Лиссабондун жээгине келип токтогондо, капитан муздаткыч бөлмөнүн ичинен деңизчинин жансыз денесине туш болот. Адамдар анын темир менен чийгилеген жазууларын окуп, абдан таң калышат. Капитан бөлмөнүн ичиндеги температураны өлчөгөндө, термометр 19 градус жылуулукту көрсөтөт. Жүктүн баарын Шотландияда түшүргөн соң, бош кемеде муздаткыч системасы өчүрүлгөн экен. Деңизчи сууктан эмес, ой-сезиминде, кыялында элестетип алган муздак бөлмөдөмүн деп дүрбөлөңгө түшүп, коркуудан жан бериптир. Ал болгону өзүн абдан ынандырып, арбап алган ойлорунун курмандыгы болгон.

Илимпоздор дүрбөлөңгө түшүү — адамдын иммунитетин 50% түшүрө алуусун илимий далилдешкен. Мээ реалдуулуктан алыс кыялдарды кура баштайт. Коркуу сезими көпчүлүк учурда адамды ойдун туткуну кылат, бирок эмоцияга алдыруунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Адам баласы бош болуп, максатсыз жашоо кечирип жаткандыгын байкай баштаганда бара-бара өз ойлорунун туткунуна айланат. Андан көрө китеп окуп, руханий азык топтоп, дене тарбиясына, үй-бүлөңүз менен баарлашууга көңүлүңүздү буруңуз. Мээни бош калтырбаңыз, бош калган жерге болбогон ойлор келип уялайт. Үмүтсүздүк бир гана шайтанга жарашчу сыпат. Ой эң күчтүү материя экенин унутпаңыз. Бүгүнкү ой — эртеңки келечек, бүгүнкү болмуш — кечеги ойлорубуздун жыйынтыгы.

Даярдаган: Махабат Алымбек кызы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!