"Эркин-Тоо"

Адамды анын эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча КР жараны бошотулду

 

Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР “М.А.” аттуу жараны аныкталып бошотулду, ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “М.А.” иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес.

2022-жылдын 17-январында кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, АКИpress маалымат агенттигинин пресс-конференциясына катышуу менен чектелишти.

Арыз ээлери тергөө органга үстүбүздөгү жылдын 18-январында келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында “А.М.”, “М.К.”, “Р.И.” жана “А.Я.” аттуу жарандар кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!