"Эркин-Тоо"

Адамга чочконун жүрөгүн салуу ийгиликтүү ишке ашты

АКШда адамга чочконун жүрөгүн салуу ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Маалыматта айтылгандай, генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгү адамга салуу операциясы жасалган.

«Бул — адамга чочконун жүрөгүн салуу боюнча жасалган биринчи ийгиликтүү операция. Жума күнү Балтимордо сегиз саатка созулган операция жасалды. Мэриленд университетинин медициналык борборунун хирургдарынын айтымында, дүйшөмбү күнкүгө бейтаптын абалы жакшы», — деп жазат гезит.

57 жаштагы реципиенттин өмүрүнө коркунуч туудурган жүрөк оорусу болгон. Учурда дарыгерлер органы алмашкан бейтаптын абалына көз салуу менен бирге, бул операция органдары иштебей калган жүз миңдеген бейтаптарга үмүт берерине ишеним артып турушат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!