Адылбек Касымалиевдин Таластагы иш-сапары
Бүгүн, 10-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып жаткан объекттердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш сапардын жүрүшүндө Касымалиев Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилиши пландалган Талас облусундагы социалдык жана инфраструктуралык объекттерди кыдырып чыкты.
Белгиленгендей, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча онлайн форматта 105 социалдык объект жана 60 ишкана пайдаланууга берилет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, иш-чараларга жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.