"Эркин-Тоо"

Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ: “ПЕНСИЯГА ЧЫГУУ КУРАГЫН КӨТӨРҮҮ ТУУРА ЭМЕС”

КР Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ

Өлкөбүздө экономиканын ийне-жибине чейин талдай билген, тармактан кыйла тажрыйба күткөн 5 үлкөн болсо, Ахматбек Келдибеков ошол үлкөндөрдүн бири экенин эч ким тана албаса керек. Эсеп-чотту жаңылбай жатка каккан мындай ишмер менен мамлекетибиздеги экономикалык жагдайлар боюнча маектештик.

— Ахматбек Келдибекович, акыркы жылдары дүйнөлүк экономика, өзүбүздүн чакан экономикабыз оор мезгилди баштан кечирип жатат. Өлкө казынасындагы таңкыстык оор экени айтылды. Бул жагдайдан чыгуунун кайсы жолун көрүп турасыз?

— Бүгүн дүйнө жүзүндө Россия менен Украина ортосунда жаралган окуянын кесепетинен, таажы ылаңынын экономикага болгон соккусунун айынан көптөгөн өлкөлөр оңолуп кете элек. Мындай шартта бүтүндөй дүйнөнү экономикалык кризис каптаары айтпаса да түшүнүктүү да. Мындан тышкары Россияга болгон экономикалык санкциялардын кесепети сөзсүз түрдө бизге да тийет. Кечеги эле Россиядагы мобилизация өнөктүгүндө орустардан бизге жүз миңдеген адамдар келди. Биздеги соңку 2 айды эле карап көргөндө кыймыл кичине башталды. Ошол жүз миңдеген адамдар бир айда миң доллардан коротушса дагы бул көрсөткүч эбегейсиз чоң каражат болуп эсептелет. Бул албетте, экономиканын жүрүп кеткени деле эмес. Болгону товар алмашуунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн чоңойгонунун негизи болду десек болот. Ал эми казынадагы тартыштык салык саясатындагы туура эмес кадамдардан жасалып калууда. Тиешелүү тармактагы адистердин туура эмес эсептөөсүнүн айынан ушундай жагдайлар жаралууда. Мындай шартта бизнести сактап калып, текшерүүнү азайтып, айыл чарба, туризм баштаган тармактарды күчөтүп, ишкерлердин кыйынчылыктан чыгуусуна шарт түзүп берүү керек. Бизде тескерисинче салыкты, кээ бир төлөмдөрдү көбөйтүү менен ишкерчиликтин айрым түрлөрү жабылып кетип жатат. Жеке өзүм да азыр бизнес чөйрөсүндө жүргөндүктөн жогорудагы жагдайлардын кесепетин угуп, көрүп-билип жатам. Казынанын тартыштыгы сөзсүз түрдө болот. Себеби, быйылкы жылы айлык-маяналар бүтүндөй тармактарда эбегейсиз көтөрүлдү. Айлык-акыларга төлөмдөр аябагандай чоң каражатты талап кылаары белгилүү. Мунун бардыгын Министрлер Кабинети эсептеш керек. Дагы бир жагдай, быйылкы жылы Баткендеги кайгылуу окуялар да болуп кетти. Мунун баары албетте, чоң каражатты талап кылат.

— Социалдык фонддун пенсияга чыгуу жашын көбөйтүү сыяктуу демилгеси казынадагы тартыштыктан улам деп билсек болобу?

— Туура, бүгүн пенсияга чыгуу жашын көбөйтүү, ар кандай жеңилдиктерди кыскартуу сыяктуу демилгелерди байма-бай көтөрө башташты. Бул туура эмес! Мындай демилгени кескин түрдө айыптасак болот. Бул идея системаны талкалоого алып келиши мүмкүн. Анан калса бул демилге Өкмөттө каралбай, айрым адистер тарабынан көтөрүлүп, даярдалып жатканынан кабардар болдум. Эгерде дал ушул идеяны коомдук талкууга алып чыкса, мен да өзүмдүн аргументтүү ой-пикиримди сөзсүз түрдө айтам. Бүгүн акча-насыялык, фискалдык саясатты биз туура алып барышыбыз керек.

— Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрдү талаптагыдай чогулта албаганында кандай сыр бар? Акылбек Жапаров бул тармактагыларды түгөлү менен кызматынан айдоого даяр экенин, жаңы система иштеши керектигин билдирди го…

— Ооба, мен дагы бажычыларды дүңүнөн айдоо керектиги боюнча маалыматтарды окудум. Бул тармакта велосипед ойлоп чыгыштын кереги жок. Акылбек Жапаров айткандай эң оболу системаны өзгөртүш керек. Бардыгын санарипке өткөрүү зарыл. Жөнөкөй гана мисал, Грузияда бажы тармагында бардыгына бирдей шарт түзүлгөн. Мамлекеттин экономикасына керектүү нерселерди алып келгендерге бажы төлөмдөрүн кыскартышат. Себеби, стимул дагы болуш керек да. Бардыгы электрондук форматта чечилүүгө тийиш. А эмне үчүн бизде муну жасай албайбыз? Жасаса сонун болот! Бизде адамдын кийлигишүү факторлору көбүрөөк болуп жатат деп ойлойм. Грузияда реформаны Саакашвили учурунда жасады эле, ошондон бери система аппак болуп иштеп келе жатат. Ошонун эсебинен аларда бажы төлөмдөрүн чогултуу эселеп көбөйдү. Бизге дагы ошол системаны киргизип коюш керек болчу. Бажы кызматынан кызматкерлер Грузияга окуп, тажрыйба алмашып да барып келишти. Алардын системасын өздөштүрүп, киргизип коюш бүгүнкү техниканын мүмкүнчүлүгү менен көп деле каражатты талап кылбайт. Болгону эрк жетиштүү болушу абзел. Биз бажы биримдигине киргенден бери бажы төлөмдөрүн чогултуу ошол жагынан да түздөнтүз көз каранды. Анан калса бажы тармагы импорт менен экспорт жагын талдап, экономиканы жөнгө салгандай болууга тийиш. Бул тармактан канчалык көп каражат түшсө, биздин ички экономикабыз начарлады дегенди билдирет. Бажы бул импорт. Импорт канчалык көбөйсө бизде чыгып жаткан товарлардын, ишканалардын азайганы десек болот. Соңку 10-15 жылдан бери биздин кийип-ичкенибиздин дээрлик бардыгы импорт болуп калгандыгын кайда катат элек? Анын бардыгын биз долларга сатып келебиз. Мындай жагдайда импорттун ордун баскан иш алып баруу мезгилдин талабы болууда. Албетте, азыркыдай шартта бажыдан тыңгылыктуу каражат түшпөйт, керек болсо азаят. Бул жагы эми объективдүү көрүнүш.

— Камчыбек Ташиев башында турган укук коргоо органдары жемкорлордон казынага миллиондорду төктүрүп жатышпайбы. Бул мамлекеттик казынанын “жыртык тешигин” канчалык деңгээлде “жамаганга” жарайт?

— Атайын кызмат тарабынан “кылтакка илинишкен” айрым жарандарыбыз миллиондорду төгүп жатышпайбы. Биздин мамлекеттик казынанын көлөмү 200 миллиард сомду түзүп жатканда, атайын кызматтын арты менен ондогон миллиондор төгүлүп жатса бул чоң каражат. Албетте, бул суммалар деле көп жыртыкты жаба албайт. Казынанын 1-2 пайыз керектөөчү чыгашасын жапканга гана жарайт. Мунун баары атайын эсепке катталып, эсеп-кысабы тизмектелип турат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!