Айлык акы инфляциядан артта калбашы керек

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Экономика 124

Президент тарабынан эмгек акы менен күнүмдүк жашоонун ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган маанилүү мыйзам кабыл алынды. Кыскасы, Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, Эмгек кодексинин 91-беренесинин 9-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда толукталды: “Кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат”. Ошондой эле аталган мыйзамдагы “Эмгек акыны индексациялоо тартиби республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдарды кошпогондо, жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун локалдык ченемдик актылары менен аныкталат” деген толуктоосу, өлкө казынасынан каржыланбаган мамлекеттик мекемелерде дагы айлык акыны индексациялоого, социалдык адилеттүүлүккө артыкчылык берүүгө милдеттендирүүдө.

Эми бул маанилүү мыйзамдын кабыл алынышын, анын максаттары жана келечектеги орду тууралуу айтпасак болбойт. Жаңы мыйзамдын негизги маңызын айта турган болсок, маселен күн алыс куру эмес товарлардын же ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы асман чапчып бараткан кезде кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу наркын сактоо үчүн аны индексациялоо механизмин мыйзам деңгээлинде бекитүү дегенди эле билдирет. Ал эми зарылдыгына келе турган болсок, акчанын сатып алуудагы күч-кубатын сактап калуу жана жарандардын жашоосунун төмөндөп кетишине жол бербөө. Эгерде экономикада баалар өсүп, бирок айлык акы менен пенсиялар өзгөрүүсүз кала берсе, адамдар мурунку эле алып жүргөн акчага күндө керек болгон азыктарын жана кызматтарды азыраак сатып ала башташат. Бул процесс калктын кедейленишине алып келет. Ошондуктан, учурдагы эң маанилүү мыйзам болду.

ИНДЕКСАЦИЯЛОО – ИНФЛЯЦИЯ ШАРТЫНДА КИРЕШЕНИ САКТОО

Эмгек кодексине киргизилген бул өзгөртүү Кыргызстандагы эмгек мамилелерин социалдык жактан коргоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп жатканын баамдап жатабыз. Анткени, кызматкердин эмгек акысы анын үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоосун камсыз кылуунун негизги булагы эмеспи. Бизде көп учурда бир үйбүлөнүн кирешеси, анын айлыгы же пенсиясы эле болуп эсептелет. Мисалы, кызматкердин айлыгы бир нече жыл бою 30 миң сом бойдон калса, ошол эле мезгилде азык-түлүк, транспорт, коммуналдык кызматтар кымбаттап кетсе, анда анын чыныгы кирешеси азайды дегендик. Башкача айтканда, кагаз жүзүндө кызматкер мурдагыдай эле айлык алып, бирок ал акчага сатып ала турган тамак-ашы же кызматтардын көлөмү кыскарып жаткан болот. Баалардын туруктуу болбогондугу биздин өлкөдө чоң талкууну жаратып, айрым жылдардагы бааларды “ал кезде мындай эле” деп салыштырып карагандарыбыз четтен чыгат. Дал ушул көйгөйдү жөнгө салуу үчүн биздин өлкөдө эмгек акыны индексациялоо институту иш алып барат. Алардын негизги иши инфляциянын айлык акынын сатып алуудагы керектөөлөргө тийгизген терс таасирине жараша жумуш алып баруу. Маселен, кызматкер жогоруда айткандай айына 30 миң сом алып, анан белгилүү бир мезгилде керектөө баалары 10 пайызга жогорулаган болсо, анын алган айлыгына жараша сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сактоо үчүн айлыгы шарттуу түрдө 33 миң сомго жетиши керек деген сөз. Мындай учурда мамлекет карап отуруп калбай, шартка жараша ушундай аракеттерди кылуу зарыл. Ошол эле учурда, индексациялоону кылууда каржылык мүмкүнчүлүктөрдү да эске алып коюу керек. Болбосо, мамлекеттик бюджетке кошумча жүк түшүп, башка маанилүү тармактарды каржылоодо кошумча кыйынчылыктар пайда болуп, кызматкерлеринин айлыгын көтөрө албай, айрым учурларда жумуш орундарын кыскартууга барышыбыз ыктымал. Ал эми бул жолго барып жатканыбыздын жакшы жагы, жарандар өлкөдө баалар кымбаттаганына карабастан, мурункудай эле көлөмдө азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектүү товарларды сатып ала алышат. Жакырчылыктын деңгээли кескин өсүп кетпейт. Пенсионерлер, мугалимдер, дарыгерлер жана башка бюджеттик кызматкерлердин нааразычылыгы азайып, коомдо социалдык чыңалуу болбойт. Элдин колунда акча көбөйгөндүктөн, дүкөндөрдө соода жүрүп, кызмат көрсөтүү тармагынын иши кыйла жакшырат. Ал деген ишкерлерге киреше алып келип, мамлекетке салык түрүндө кайтып келет. Анан да башкысы, тажрыйбалуу адистер жумуштарын таштап кетпей, миграция дегенди алдын алган болобуз. Президент тарабынан мына ушул жагдайлар эске алынып, Эмгек кодексине эмгек акыны индексациялоо боюнча өзгөртүү киргизилгени ошондон. Албетте, бул аракеттер Кыргызстан үчүн жаңы көрүнүш эмес. Мурдагы Эмгек кодексинде да эмгек акыны индексациялоо боюнча норма болгон.

ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБАДА КАНДАЙ?

Дүйнөлүк практикада индексациялоо ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээлине, инфляциянын темпине жана мыйзамдарына жараша ар кандай жолдор менен жолго коюлат. Мисалы, дүйнөдөгү эң катуу жана так индексациялоо системасы Бельгияда иштейт. Өлкөдө “ден соолук индекси” катары тамеки, алкоголь жана күйүүчү майдан башка товарлардын баасы эсептелет. Эгер бул индекс 2 пайызга өссө, дээрлик бардык кызматкерлердин айлык акысы жана социалдык төлөмдөр автоматтык түрдө 2 пайызга көтөрүлөт. Люксембургда да ушундай эле система, инфляция 2,5 пайызга жеткен сайын, өлкөдөгү бардык маяналар жана пенсиялар автоматтык түрдө 2,5 пайызга индексацияланат. Ал эми Чили жана Уругвайда индексациялоо маселеси жамааттык келишимдер аркылуу жөнгө салынары белгилүү. Испанияда болсо, эмгек акы боюнча сүйлөшүүлөрдө күтүлгөн инфляция жана жыл жыйынтыгындагы баалардын өсүшү эске алынат. Демек, салыштырып карап келгенде дүйнөдө индексациялоонун жалгыз универсалдуу модели жок. Ар бир мамлекет өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүнө, эмгек рыногуна жана ишканалардын финансылык абалына жараша гана жолдорду тандайт. Кыргызстан үчүн азыркы шартта жылына бир жолу инфляциянын расмий көрсөткүчүнө таянып индексациялоо же баалар белгилүү бир чектен ашканда айлык акыны кайра кароо сыяктуу механизмдерди колдонуу маанилүү экенин сезип турабыз. Ошол эле учурда чакан жана орто бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгы да бар. Эң башкысы, жаңы мыйзамдын натыйжасы индексациялоо кагаз жүзүндө каралганында болбой, иш жүзүндө кандай аткарылганы менен каралып, мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайлар толугу менен аткарылып, кызматкердин айлыгы инфляциянын аркасында жетиштүү деңгээлде өзгөрүп турса, анда бул аракеттерибиз элдин жашоо сапатын сактоого, эмгекке болгон кызыгуусун жогорулатууга кызмат кылаары турган иш.

Күнболот Момоконов

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Экономика 124
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X