"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Айдоочуларга эскертүү: Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүрөт

2025-жылдын 13–17-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128 чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3898-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иштер аба ырайынын шарттарын эске алуу менен күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан унаа жол убактылуу жарым-жартылай жабылат.

Таштар түшүрүлүп жаткан учурда кыймыл бир тилке боюнча уюштурулат. Эгер 30–40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.