"Эркин-Тоо"

«Айгүл-Тоо» коругуна кирүүгө 3 жылга тыюу салынды

Баткендеги «Айгүл — Тоо» жаратылыш аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынан кабарлашты.

1-апрелден тарта 2026-жылдын 1-апрелине чейин сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында жарандарга «Айгүл-Тоо» коругуна кирүүгө тыюу салынды.

Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун боорунда өсөт. Ал жыл сайын апрель айынын баштарында алгачкы гүлдөрүн ачат. 20-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүл ача баштайт. Анын гүлдөшү апрель айынын аягына чейин созулат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!