Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Фестивалдын жабылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов катышып, сыйлык ээлерин куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды.
Министр өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан фестивалдын максаты ынтымакты, достукту бекемдөө, искусствону жайылтып өнүктүрүү экенин баса белгилеп, кыргыздын сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экенин белгилеп, бардык катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктады.
Фестивалдын катышуучуларына атайын сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.

