"Эркин-Тоо"

«Айыл Банк» ААКтын акционерлеринин жылдык чогулушу болуп өттү

28-мартта  28-март, «Айыл Банк» ААКтын акционерлеринин жылдык чогулушу болуп өттү, анда банктын финансылык рынокто туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруучулук жыйынтыктар жарыяланды.

Жыйындын жүрүшүндөгү негизги аспектилердин бири 2023-жылдагы финансылык көрсөткүч болду. «Айыл Банк» ААК 5 млрд.426 млн. 77 миң сом (ФОЭАС) өлчөмүндөгү таза киреше тапты. Бул банк системасынын 01.01.2024-жылга карата эң жогорку көрсөткүчү болуп саналат. Чогулуштун жүрүшүндө банктын акционери 5 млрд. 426 млн. 77 миң сом өлчөмүндө дивиденд төлөп берүү чечимин кабыл алды, мында банктын 5 188,6 миң сомдук айрым менчигин Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

«Айыл Банктын» 100% акциялары Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигине таандык.

«Айыл Банк» ААК кардарларды жана өнөктөштөрдү тейлөө сапатын дайыма жакшыртууга жана жогорулатууга умтулуп, финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө алдыңкы позицияларда калууда.

Соода комплекси жер тилкеси менен Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан банктын өкүлчүлүгүнүн кеңсеси Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын ыкчам башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!