АКШда аптаптан улам Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар токтотулду

4-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 560

АКШнын борбордук жана чыгыш аймактарында катуу ысыктын айынан Эгемендүүлүк күнүнө арналган бир катар иш-чаралар токтотулуп же жылдырылды.

Вашингтондо +38 градуска жеткен ысыктан улам мамлекеттик жарманке убактылуу жабылды, Филадельфияда парад болгон жок. Бостондо болсо иш-чаралар кечке жылдырылды.

Бийликтер кырдаалды “жылуулук куполу” кубулушу менен түшүндүрүүдө. Ал ысык абаны аймактын үстүндө кармап, температуранын төмөндөшүнө жол бербей жатат.

Ысыктын кесепетинен айрым жерлерде катуу ысыктан асфальт эрип, тротуарга бут кийим жабышкан учурлар да катталды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X