АКШ Украинага 3 миллиард долларга бааланган кезектеги курал-жарак жардамын жөнөтмөй болду. Каражаттын 682 миллион доллары украин аскерлерине берилген аскердик техниканын ордун толуктоо үчүн НАТОго мүчө өлкөлөргө тапшырылат. Пентагондун маалыматы боюнча жардам пакетинин ичинде RIM-7 Seo Sparrow зениттик ракеталары бар.