"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү жана кургак учукка каршы оорукананын абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Республикалык перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Медициналык мекеменин курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган перинаталдык борбор заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде ар кандай патологиялар жана оорунун өрчүп кетүүсүнөн улам келип чыккан татаал операциялар жасалат. Ооруканада 203 бейтапка орун каралган. Борбор ушул жылдын экинчи жарымында ишке берилиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ош жана Талас облустарында ушундай перинаталдык борборлор курулат.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, быйылкы жылы республиканын аймактарында 7 заманбап оорукана курулат.

Ошондой эле ал перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруунун, анда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин жалпы жана техникалык абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы №6 клиникалык төрөт үйүн реконструкциялоону жыйынтыктоону, медицина кызматкерлерин перинаталдык борбордо ар кандай патологияга кабылган кош бойлуу айымдарга жана ымыркайларга кам көрүүнүн жыйынтыктарын жакшыртуучу заманбап жабдууларды колдонуу боюнча окууларды өткөрүүнү тапшырды.

Андан соң Акылбек Жапаров Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен курулган шаардык кургак учукка каршы жаңы ооруканасына барды. Оорукана 128 бейтапка ылайыкталган.

Учурда мекемеге медициналык жабдуулар орнотулуп, анын ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айына пландалууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!