Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапары менен барды.
Сапардын жүрүшүндө ал аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат. Мындан тышкары «Манас-Ордо» комплексине барат. Ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.
Министрлер Кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.
Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.