"Эркин-Тоо"

Акыркы бир айда күйүүчү майдын баасы 1 сомго арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттик Бишкек шаарындагы жана аймактардагы май куюучу жайларда жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.

Нефтетрейдерлер менен жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын алкагында күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалганы айтылды.

Бүгүнкү күндө 2022-жылдын 30-августуна салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы литрине 1 сомго чейин төмөндөгөн.

АИ-92 бензининин бир литри 59,5 сом,

АИ-95 – 65,2 сом;

Дизаль майы – 74,5 — 75,4 сома.

«Күйүүчү-майлоочу майлардын, дизель майынын жана автогаздын баасы акырындык менен турукташа баштады. Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар, бул рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө», — деп билдирет мекеме.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!