Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2022-жылдын “Тарых жаратуучу” наамына Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун баракчасында маалымат чыкты. “Тарых жаратуучу” наамына кыргызстандык эки спортчудан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон россиялык-албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 кг салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон япониялык Юи Сусаки көрсөтүлүүдө. Буга чейин UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова татыган.