"Эркин-Тоо"

«Ала-Арча» суу сактагычынан 51 жаштагы жаран изделдүүдө

«Ала-Арча» суу сактагычынан 51 жаштагы жаран изделдүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган. Үстүбүздөгү жылдын 24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган.

Бүгүн издөө иштерин улантууга Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылды.

Бул күнү да керектүү шаймандар менен барган суучул-куткаруучулар тарабынан «Ала Арча» суусунун агымы азайтылып, суу сактагычтын башынан «Ак жол» бекетине чейинки аралык изделет.

Издөө ишинин натыйжасы тууралуу маалымат берилет.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!