"Эркин-Тоо"

«Альфа телеком» 14.6 млрд сомго бааланды

«Альфа Телеком» мамлекеттик уюлдук байланыш компаниясынын (MEGA бренди) болжолдуу баасы 14.6 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди, деп жазды «Азаттык».

Депутаттын айтымында, 13-апрелде компанияны баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп, анда казакстандык «Терра консалтинг» жана «ААР-Эдвайзори энд рисерч» компаниялары Альфа Телекомду 170.3 млн долларга баалашканы белгилүү болгон (14.6 млрд сом). Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү мындай баа менен макул болушуп, тиешелүү чечимди министрлер кабинетине жөнөтүштү.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Economist.kg-ге атайын комиссия баалоо корутундусун бекиткен соң «Альфа Телекомду» сатуу боюнча тендер уюштурса болот экенин билдирген.

«Альфа Телеком» 2023-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде менчиктештирилүүчү объектилердин тизмесине киргизилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!