"Эркин-Тоо"

АЛГАЧКЫ КИБЕРСПОРТЧУ СЫЙЛАНДЫ

Жакында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов киберспортчу Бакыт Эмилжановго “Киберспорт боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамын тапшырды. Бул наам өлкөнүн Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык Кыргызстандын киберспортунун тарыхында биринчи жолу берилип жатат.

Бакыт Эмилжанов Team Secret командасынын курамында Dota 2 — The International 2022 мелдешинде 2-орунду ээлеген. Кыргызстан үчүн киберспорт жаш спорттун түрү.

Компьютердик спорт федерациясы 2017-жылы түзүлгөндөн бери спорттук салттардын так принциптеринин негизинде иш алып барат. Ал 2017-жылдын 12-майында Эл аралык компьютердик спорт федерациясына мүчө болуп кирген. Үстүбүздөгү жылдан баштап аталган федерация расмий түрдө кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк чемпионаттарга жана ар кандай эл аралык турнирлерге катышуусун камсыз кыла баштады.

Разия ЖООШБАЕВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!