"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Алкоголдук ичимдиктерге «Манас» деген ат коюуга тыюу салуу сунушталды

«Манас» эпосунун баатырдык оң каармандарынын ысымдарын алкоголдук продукциялардын жана чылымдардын аталыштарында колдонууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Тазабек Икрамов демилгелеп, коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунда Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдары менен атоого тыюу салуу каралган.

Маалымкат-негиздемеде бул эрежени бузган жеке адамдарга 1000 сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу көрсөтүлгөн.

«Манас» эпосунун үчилтиги дүйнөлүк чыгармачылык шедеврлеринин арасында өзгөчө орунду ээлейт жана бүткүл этностордун толеранттуулугун жана этностор аралык ынтымак идеяларын ырастаган, дүйнөлүк маданияттын бермети, кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат«, — деп белгиледи Тазабек Икрамов.

Анын айтымында, мамлекет калк арасында алкоголдук жана тамеки чегүү менен активдүү күрөшүп жатат. «Ал эми алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын чыгарган ишканалар продукциясынын аталышында улуттук баатырлардын ысымдарын көп колдонушат. Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттарынын аталышы жаштардын идеологиясын өзгөртүп, эч кандай тарбиялык максатты алып келбейт», — деп белгиледи депутат.