"Эркин-Тоо"

Анара АСАДОВА: “Эл сүйүүсү мага кубат”

— Анара Карыпбаевна, Сизди эл-журтуңуз: “Биздин башкарма кызыбыз” дешип барктап келишет экен. Башкармалык тагдырга кандайча туш болуп калдыңыз?

— Мен көп балалуу үйдө чоңойгом. Атам алгач чабан болуп эмгектенет. Кийин айыл чарба техникумун аяктап, чарбанын жеңилин жерден, оорун жондон алган актив болуп иштейт. Тун уул балдары болбогондуктан мени эркек баладай жанынан чыгарбай алып жүрүүчү. Мал караса да жанында, жер иштетсе да жанында жүргөндүктөн: “Анарам чыйрак, буйруса мындан бир нерсе чыгат. Аттиң, эгер эркек болуп калганында, канатым болуп бермек экен” деп тээ кичине кезимде эле аталык сынын берген экен. Анысын апамдан башкарма болгон кезимде уккам. Арманым, атам башкарма боло элегимде дүйнөдөн кайтып кетти.

Кийин инилүү болдук. 5 кыз, 2 уулду бапестеп багышты. Апам Баатыр эне. Мен тун кесибим боюнча – юристмин. Балдарын билимге умтулткан атаэнебизге ыраазыбыз. Борборубуз Бишкек шаарында облустук сот фондусунда башкы адис болуп иштеп жаткам. 2008-жылы экинчи уулумду төрөп, үйгө отурууга туура келип калды. Апам: «Айылга жүр, балаңа да жакшы болот» дегенинен айылга келген элем. Бир күнү кайсы бир иш кагаз менен айыл өкмөтүнө барууга туура келди. Барсам эл арбын экен. Илгерки басма машинкалар жок, ордуна компьютерлер келип калган. Айыл өкмөттүн адистери баягы компьютерлерди басалышпай кыйналып жаткан экен. Мен мурдатан компьютерде иштеп калгандыктан иштешти билер элем. Өз иш кагазымды компьютер менен басып, ишим оңунан чыкты. Көрүп турган эл: “Айланайын, сени кайсы шамал айдап келди, биздикин да басып бер” дешип суранып калбаспы. Жаш балам бар, эрте кетишим керек эле. Бирок, менден жардам сурап жаткан элди кыйып, шактарын сындырып басып кетким келбеди. Алардыкын да ирети менен басып берип, баталарын алып, үйгө келдим. Апам: “Неге мынча кечиктиң? Балаңдын курсагы ачты” деп кармата салды. Кармалган себебимди айтып берсем, апам да ыраазы болгонсуп калды. “Ырас кылыпсың айланайын” деди. Кызыгы, кабарым алыска кетти бейм. Мени айыл өкмөткө иштеп бер дешип чакыра башташты. Адегенде иштей турган ишим бар экенин айтып, айыл өкмөттө иштөөнү каалаган эмесмин. Бирок, чакыргандардын абалын айттырбай түшүндүм. Апам канча айткан менен көптү көргөн көсөм киши эмеспи: “Өзүң басып барба, бирок чакыргандан калба» деген илгертен келаткан таасын сөз бар, уулуңдан кам санаба, каралашып турам” деди. Ошентип, туулган жеримдин айыл өкмөтүнө статистика бөлүмүнө иштеп калдым. Менин юрист болгонум да айыл өкмөткө пайдасын абдан тийгизди. Карапайым калктын тиги же бул иштериндеги талаш-тартыштарды тактоодо салымым чоң болду. Мыйзамдуулук анда абадай зарыл мезгил эмес беле.

Ал мезгилде чарбанын башкармасы Б.Бажан аттуу мыкты киши эле. Союз учурунда алдыңкы чарбалардан болуп, даңазалары таш жарып туруучу. Баарыбызга беш манжадай белгилүү болгондой көпчүлүк райондордо небир мыкты чарбалар таланып, талкаланып жаткан. Менчиктештирүү башаламандык менен башталып, мыйзамсыздык менен чарбанын малы, жери, мүлктөрү да бүлүнө баштаган мезгил эсибизден чыкпас. Чарбалар тургай завод-фабрикалар тонолду. Айтып аягына чыга албайбыз. Кечиримсиз каталыктарга жол бердик.

Бир күнү мени башкарма Б.Бажан чакыртып жибериптир. Көрсө мени кимдир бирөө: “Жер сатып алып жатат” деп жамандаган экен. Жакшы киши эмеспи, иштин жайын дароо түшүндү. Арадан көп өткөн жок, айыл өкмөттүн жооптуу катчылыгына көтөрүлдүм. Кайран киши Б.Бажан биринчилерден куттуктап, ак жол каалаган. Көрсө көсөм киши айыл өкмөтүндөгү айрым алгылыксыз иштерге ичи чыкпай жүргөн турбайбы? Бардык жакшы жаратмандык кадрларга тийиштүү экенин таналбаспыз. Кыскасы, бул асыл адам менин жакын устаттарымдын бири болуп калды. Атам да жакшы көрүүчү: “Тестиер кезимден чарбанын иштерине аралаштым, кышын кынаштым” деп эмгек жолунан жобурап айтып калуучу. Аталар көргөн азап, кыйынчылыктардын бирин да биз көрө элекпиз, аларга таазим! Ошентип, айыл аймактын иштерине аралашып, айыл адамдарынын жашоо-турмуштары менен кенен тааныша баштадым. Айылдык кеңештин 2 жолку чакырылышынын депутаты катары калк камын көрүү, бакубат жана бардар жашоого умтулуу зарылдыгын сездим. Анткени, айыл элинин жашоо-турмушун жакшыртууга убакыт жетти шекилди.

Бири кем дүйнө демекчи, өкүнүчтүүсү Б.Бажан башкарма дүйнөдөн өтүп кетти. Чарбанын келечеги талкуу бутасына алынып жатты. “Бажанды алмаштырар чыгаан жетекчилер чыгар бекен?” деген суроого жооп табуу оорго турду. Жашырганда эмне, чарбаны ары-бери менчиктештиргиси келгендер да болбой койбосо керек.

“Чарбаны таратпай кармап калуу, кана, кимдин колунан келет?” деген суроого жооп табылбай турган. Элдей кара кылды как жарган калыстар чыкпас. Акыры эл мени башкармалыкка жарайт дешип, бир чечимге келишет. Башкарма болуу чынында оюмда жок болуучу. Мени башкармалыкка көрсөтүү элдин ниетине айланып кетиптир. Алгач укканымда албетте, толкундандым. Ток этери эл мени башкарма кылып шайлап алышты. Жооптуу катчылык кызматтагы 8 жылым бекерге кетпептир, эл менен мени тыгыз байланыштырган экен. Кимдин ким экенин элим, баягы мен иш кагаздарын кабагым-кашым дебестен компьютерге басып берген күндөн билишкен белем. Элден өткөн сынчы жок турбайбы. Ошол күн көрсө болочок башкарманын чыйырын салган экен. Башкармалык тагдырга туш кылган ошол күн эсимден кетпейт. Эгерде мен саргайышып алакандай аныктамаларын алалбай турган элге сыртымды салып, өз гана ишимди бүтүрүп кете бергенимде элдин эсинен чыгып кетмек экем. Адамкерчилик, кичи пейилдик гана адамды асыл иштерге багыттайт турбайбы.

— Анара, 9 жыл оңой убакыт эмес. Эми чарбалык иштериңизден айтып берсеңиз. Ийгиликтерди жаратуу курмандыкты талап кылат. Ага да чыдаган чыдайт эмеспи.

— Туура айтасыз. Чарбанын бардык тармагын калыпка салуу оор болду. Жерди иштеткен техникалардын абалы бала ыйлагандай эле. Эскилерин эпке келтирген механизаторлорума кандай алкыш айтсам жарашат. Техникаларды жаңыртууга айрыкча күчтү жумшадык. Учурда учубузду узарткан 2 комбайн, 5 тракторубуз бар. 100 тонна жүгөрүнү кургатуучу техниканы Италиядан алдырдык. Кудайга шүгүр, 2 жүк ташуучу машинабыз күч берүүдө. Кыскасы техника жагынан колубуз узарды. Буйруса үрөндөрдү тазалоочу заманбап техника алсак деп турабыз. Жыйым-терим учурунда жардам сураган айрым жеке ишкер, баба-дыйкандарга да жардамдарыбызды аябайбыз. Туруктуу чарбабызда 30 киши эмгектенет. Мээнеттерине жараша эмгек акыларын алышат. Биз негизинен кылкандуу дан эгиндерин, кант кызылчасын жана жүгөрү өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Сапаттуу үрөндөр түшүмдүүлүктүн мол болушуна себепкер.

Эсимде, жаңы башкармалыкка бекиген мезгил болучу. Бир күнү түш көрдүм. Кең талаада трактор айдап баратыпмын. Таң алды менен эле талаага бардым. “Трактор айдаганды үйрөнгүм келип турат” деп темир тулпардын тизгинин алдым. Ишенесизби бат эле айдаганды үйрөнүп кеттим, аян түшүмдү жакшылыктарга жоорудум. Иштерибиз илгерилей баштады. “Түшү оңолгондун иши оңолот» туура сөз турбайбы.

Негизинен 500 гектарга чукул жерди иштетебиз. Былтыр 40 гектар жерге кант кызылчасын айдап, орто эсеп менен ар гектарынан 70 центнерден түшүм алдык. 125 гектар аянтка күздүк буудай сээп, орто эсеп менен ар гектарынан 30-40 центнерден түшүм жыйнадык. Былтыр жүгөрү жакшы болду. Жыл сайын жаңылык киргизүү зарылдыгын жакшы билем. Ошондуктан суюк май чыгуучу соё өсүмдүгүн 40 гектарга айдадык эле, түшүмдү жакшы берди. Орто эсеп менен ар гектарынан 35 центнерден айланды. Биздей мээнет менен башка баба-дыйкандар эмгектенишсе, суюк май менен элди камсыз кылуу жагы жакын арада чечилип калчудай. Ушундай жаңылыктарды жаратуу башкы милдеттерибиз экени талашсыз.

— Тажрыйба алмашуу максатында чет мамлекеттерде болуп келдиңиз. Алган таасирлериңизден айтып берсеңиз?

— 2016-2017-жылдары делегация менен Кытай мамлекетине барып келдим. Ачыгын айтсам, көзүмдү мына ушул кытайлыктар ачты. Бул элдин эмгекчилдиги, мээнеткечтиги айтып болгус. Чындыкты айтсак, биз аларчалык эмгектенүүнү билбейт экенбиз. Эмнебиз кем? Демек, аракеттенүү жагын чыңдоо зарылдыгы бар. Жалкоолуктан биротоло кол жууганда гана ийгиликтер жаралат. Албетте, биздин арабызда да кытайлардай майын чыгара иштегендер бар. Мен механизаторлорумду кытайлардан да жогору бааласам жарашат. Айталык, Кытайда элинин көптүгүнө карабастан кол менен жумуш кылуу деген жок. Бардык иштер заманбап технологиялар менен жасалат. Ал эми бизде башкача көрүнүш. Мен жаңы башкарма болуп келгенде техникаларыбыз комбайн, трактор, машиналарыбыздын абалы абдан начар эле. Колунан көөрү төгүлгөн мыкты механизаторлорубуз Глуховский Сергей Александрович, Берёзкин Анатолий Анатолиевич, Катаев Виктор Евгениевич үчөө тетиктерди кынашып, ширетишип, бузулган жерлерин азап менен оңдошуп, оор техникалардын саатын чыгарышып, жер иштетүүгө жарабайт деген эски техникаларды колдонууга жол ачышчу. Бул механизаторлорумдун эмгеги теңдешсиз эрдик. Тоодой түшүмдөрдү мына ушул асыл адамдардын арты менен алуудабыз. Эгер бизде кытайлыктардай шарт болсо, небак өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында турмакпыз. Кытайлыктар 1 жылда эки ирет түшүм алышат. Ал эми бизде мындай ийгиликтер жокко эсе. Албетте, аракеттенсек кытайлыктардай автоматташтырылган заманбап технологиялар менен куралдансак неге жылыш болбосун, сөзсүз болот.

Аттиң, биз тескерисинче небак эскирген эски техникаларды жамап-жаскап кыймыл кылып келебиз. Кытайга барганымда мына ушул эски техникалар менен алышып, керекке жараткан алтындай механизаторлорума бийик баа бердим. Жаш механизаторлор мына ушул улуу агаларынан таалим алышууда. Заманбап техника көздөн учуп, урааныма айланып калды.

Ал эми Америкада 21 күн жүрдүк. Мында үй-бүлөсү менен иштеген фермердик чарбалар менен тааныштык. Небересине чейин чарбанын кызыкчылыгын көздөшөт экен. Айта кетчү булардын артыкчылыгы агротуризмди да бирге өнүктүрүшүп, кыргыздар айтмакчы бир ок менен 2, керек болсо 3 коёнду атып жатышыптыр.

Америкалыктардын каркырадай тизилген техникаларына суктандык. Эски техникалардын шаймандарын, тетиктерин булуң-буйткаларынан кездештире албадык. Баса, биздикилер деле алма айдашат. Тилекке каршы тегиз терилбей, алма, өрүктөр жерде чачылып жатат эмеспи. Булар жерге түшкөндөрүнө чейин терип алышып, алма пирогун жасашат. Бизди мына ушул алма пирогдору менен сыйлашты.

Баамдаганым, бизде ар нерсени пландап куруу колго алынган эмес. Чоң ишканаларды курабыз да иштетерге келгенде чийки продукцияларды жетишерлик деңгээлде таппай калабыз. Ушул жагынан алганда бай өлкө Америкадан көптү үйрөнсөк боло турган. Эң башкысы булар балдарын жашынан эмгек талааларына алып чыгышып, картошка, жүзүм, жүгөрү жана башка жашылча-жемиш, өсүмдүктөрдүн кантип өнүп, өсөрүнөн кабар беришип, кандай эмгек, аракеттер жумшаларына кулакдар кылышып тарбиялашкандыктан балдары башынан фермердик же ишкердикке даяр болуп калышат. Эмгектен чоочун өсүшпөй, жакын өсүшкөндүктөн кийин кыйналышпайт. Ток этери Америкалыктардан таалим алчу мисалдар арбын.

Улуу уулумду жакында үйлөндүрдүм, келин алдым. Башыбызга баш кошулду. Кенже уулум 7-класста окуйт. Мына ушул уулумду такай талаага чыкканда алып жүрөм. Жер иштетүүнүн сырын америкалыктарча жашынан алса, эр азамат болгондо кыйналбайт.

— Анара, пандемия учурунда элге кайрымдуулукту жакшы жасаптырсыздар.

— Биз эл башына кыйынчылык келгенде гана кайрымдуулук кылбастан ар убак жардам берүүгө тийишпиз. Элимдин бардар жана бакубат жашоосуна тилектешмин.

Алдыда максаттарыбыз арбын. Көп улуттуу элимдин ынтымагын бекемдөө бирден-бир ниетим. Бардык майрамдар салтанат менен өткөрүлөт. Карыялар күнүн баш кылып сыйыбызды тартуулайбыз. Быйыл логистикалык жайды куруп алсак деген тилегим бар. Анткени, элибиздин алган түшүмдөрүн узакка сактай турган шарттары жок, максатыбыз ишке ашса, эл үчүн эле жакшы болот.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты ишкер айымы» сыйлыгын алдык. Бул сыйлык жеке менин эмгегимди баалоо эмес, эмгекчи элимди сыйлоо деп билем. Сыйурматка келсек, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын “Кеменгер” төш белгиси менен сыйлангам. Ардак грамота, Ыраазычылык каттар менен бирге элимдин сүйүүсү ар убак мага кубат берип турат. Элден айлансак аздык кылат.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!