Арменияда экс-президент Роберт Кочарян жана анын уулу кармалды
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян жана анын улуу уулу Седрак Кочарян кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 25-августта Кочарян Антикоррупциялык комитетке жеткирилген. Ошол эле учурда анын үй-бүлөсүнө тиешелүү бир нече даректе тинтүү жана башка тергөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан мындай аракеттер ондогон даректе жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Кочаряндын кичүү уулу, оппозициялык «Армения» фракциясынын депутаты Левон Кочаряндын үйүндө тинтүү болгон. Үй-бүлөгө таандык «Toyota» автосалону мөөрлөнүп, «Orange Fitness» спорт комплексинде да тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Армениянын бийлиги тергөөнүн коррупцияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатканын билдирүүдө. Антикоррупциялык комитет Кочарянга байланыштуу иш боюнча бир нече адам кармалганын маалымдады.
Роберт Кочарян Арменияны 1998–2008-жылдары башкарган. 2026-жылдагы парламенттик шайлоодо ал жетектеген «Армения» блогу 9,92 пайыз добуш алган.
Буга чейин премьер-министр Никол Пашинян парламентте Левон Кочарянга кайрылып, анын үй-бүлөсүнүн мүлкүнөн ажыратуу маселеси көтөрүлөрүн айткан.