"Эркин-Тоо"

Асан ТУРСУНКУЛОВ: “КЕМЕНГЕРЛИКТИ, АЛПТЫКТЫ БЕРИШ ҮЧҮН АТАЛАРДЫ КЕҢ ДАЛЫЛУУ КЫЛЫП ТАРТАМ”

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Асан ТУРСУНКУЛОВ

Асан Турсункулов чыгармачылыгында өзү даңазалап келген залкарлардын бириндей, кылымда бир келген талант. Тарткан сүрөттөрү кандай болсо, мүнөзү да ошондой баатырдык духка эгедер. Уюткан алтындай болуп жараткан эмгектери бир баа да, аларга ыйгарган аталыштары бир баа. Мындай ажайып таланттар “башына күн, аягына ай тууган” элден гана чыгат.

— Сүрөт дүйнөсүнө тагдырыңызды байлаган алгачкы жылдар жөнүндө айтсаңыз?

— Адам өз тагдырын болжоп биле албайт экен. Күтүүсүздөн өмүрлүк жарым бул ааламдан өтүп кетип, чиедей эки балам менен кала бердим. Ошол убакта тагдырдын каатчылыгын башыман өткөрүп, катуу кыйналдым. Мени тааныган бир аксакал “Асан, сенин ордуңда башка адам болгондо, ичкиликке берилип кетмек” деди. Ичип кетиш кыйынчылыктан, азаптан качуунун оңой жолу. Балдарды ким карайт? Чыгармачылык эмне болот? Ал мезгил 1995-96-жылдар эле. Кыргыз маданияты илкип турган кез. Бирок мен балдарымды багып, сүрөт тартканды өжөрлүк менен уланта бердим. Анткени, сүрөттө кайгыны мертинтип, жашап кеткенге күч бере турган жалт-жулт эткен жылдыз бар экенин баамдап калдым.

— “Сүрөтчүлүк — кара жумуш, оор мээнет” дегениңизди угуп калдым?

— Бала кезинде адамдын көбү сүрөт тартканды жакшы көрөт. Алардын ичинен Кудайдын мээри түшүп, талантты сүймөнчүк менен берип койгон бир-экөө болот. Өнөрдүн кадырына жетпей калгандар да бар. Анткени, сүрөтчүлүктүн азабы көп. Бир картинаны жаратыш үчүн башың менен жер сайып иштейсиң. Бир аз эс алайын десең, отургузбайт. Ары-бери басып ойлоносуң, жакпаган жерин улам оңдойсуң. Ошентип жатып айлар эмес жылдар өтөт.

— Полотного чачып койгон боёктор жөнүндө эмне дейсиз?

— Искусство деген чоң бизнес. Айрымдар искусствону бизнес катары колдонот. Мындай сүрөттөр менин өнөрканамда бирин-серин бар. Аларды элге көргөзгөндөн уяласың. “Мындан көрө тартпай эле койбойт белең? Сүрөтчү болбой куруп кал!” деши мүмкүн. Кыргыз бардык нерсени бийик деңгээлде болсо гана баалайт. Кыргызга жагыш үчүн таң калтыра турган картиналарды берип, укмуш иштерди жасашың керек.

— “Алтын доордун асыл адамдары” аттуу жүз картинаны тартуу идеясынын жаралышына эмне себеп болду эле?

— Бул тизмеде кыргызга опол тоодой эмгеги сиңген алптар бар. Жеңижок, Барпы, Саякбай, Сагынбай… Бир кезде дүркүрөп келип, кыргыз маданиятын көтөргөн асылдар. Ушундай залкарлардын дүйнөдөн өтүп бара жатканын байкап, көзү тирүүлөрүн тартып калайын дедим. Булардын таланты таш жарып, даңазасы ашып турган мезгилдери 1880–1990-жылдарга туура келет. Тынымсыз иштеп жүз портретти бир жарым жылда тартып бүттүм. Башында билбестик кылдым. Бир адам (атын атабай эле коёюн) “менден башка дагы ким бар?” дегенинен бир-экөөнү айтсам “ой, аларды тартып эмне кыласың?” деди. Булардын арасында деле каршылаштар бар экенин түшүнүп, бирин-биринен жашырып калдым. Тарта турган адамга “жүз портрет менен көргөзмө ачканы жатам. Бул сөздү эч кимге айтпайсыз. Оозуңуздан чыгып кетчү болсо, сиздин портретиңизди койбойм” деп тең ата сүйлөшчүмүн. Көрсө, жаш, курч болгон экенмин. Алар дагы менин талабымды аткарышты. Көргөзмө ачылганда тирүүсүндө кектешип жүргөн эки адамдын портрети катар илинип калган экен. “Экөө көзү өткөнчө бири-бирине агарбай койду эле, акыры жанаша илиниптир. Атактууларыбыз “мен биринчимин” деп жамандашып жүрүп өтүп кетишет. Көргөзмөң аркылуу кыргыз интеллигенциясын ынтымакка үндөдүң, сага ыракмат, уулум” деп батасын беришти. Азыр эки-үчөөнөн башкасынын көзү өтүп кеткен. Алар бул ааламдан көчкөн сайын менин жан дүйнөм кошо кеткендей туюлат. Анткени, ошол адамдарды тартып жүргөн кездер менин эң бактылуу учурум эле… Көргөзмө чыкканда эл укмуш кабыл алды. Ал жылдары музейге эл келбей калган экен. 1998-жылы 6-февралда көргөзмөнү ачып, он беш күнгө уруксат алдым. Эл тынбай келе берип, музейдин директору улам жылдырып отуруп, үч айга созулуп кетти. Көргөзмөгө келгендер ой-пикирин жазып кетиш үчүн чоң китепче койгон элем. Ошондо бир студенттер “Асан агай, кыргыз эли сиз менен ысыкта да, суукта да бир болот” деп жазыптыр. Кийин чын эле кыргыз элим кубансам кубанычымды, кайгырсам кайгымды тең бөлүштү.

— “Кут кармаган аял” деген эмгегиңиздеги аялдын сулуулугу, кийиминин жасалгасы укмуш. Бул перинин образын Каныкей, Айчүрөк энелерибизден алгансызбы?

— Кыргыздын байыркы аялдарынын образын ушундай элестетем. Өзүмдүн апам дагы кут жөнүндө көп айтып берчү. Көрсө, кут аялда болот экен. «Кут түшкөнүн көргөн адам жерден ак жоолук менен акырын ороп алып, түлөө кылып, сандыктын бурчуна катып коюш керек. Ошондо ал үйдө дүркүрөп дөөлөт, оомат жүрө берет» дечү эле апам. Мен Тоолуу Алтайга барганда көрдүм. Аялзатын укмуш баалап, кастарлашат экен. Ар бир кызын канышадай кадырлап, көз тайгылта шөкөттөлүп тигилген улуттук кийимдерди кийгизет. Биз антип асемдей албайбыз кыздарыбызды. Бизде көз жоосун алган улуттук кийимдерди артисттер гана киет деп коомчулук көнүп калган. “Кут кармаган аялдын” кийими дагы дизайнерлерге табылгыс үлгү. Ошол кийимдерди тиксе болот. Кийин-кийин аларды жылаңачтап, анатомиясын изилдегиси келгендер да табылса керек деп ойлойм. Эгер изилдене турган болсо моюндары бир метр болуп чыга келет. Аялзатты чырайына чыгарып, көркүн ачыш үчүн мойну менен манжаларын узун кылып, кеменгерликти, алптыкты бериш үчүн эркектерди кең далылуу кылып тартам.

Афина БАКИРОВА
«Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!