1-ноябрда Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форуму өттү. Кыргыз тараптан делегацияны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Форумдун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосундагы транспорт жана логистика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү, экология жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Кыргызстандын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору форумдун гибриддик форматтагы панелдик сессияларына катышып, анда Борбордук Азия жана Корея кесиптештери менен көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө форум түзүлгөндөн бери бул платформа Борбордук Азия мамлекеттери жана Кореянын ортосундагы байланыштарды мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн эффективдүү көп тараптуу консультациялык механизм экендигин далилдегендигин белгиледи.
16-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация башчылары биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты, ошондой эле Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун катчылыгынын 2024-жылга иш планын бекитишти.

