Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 88

Бүгүн, 13-ноябрда, өлкөнүн негизги ашууларында унаа каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, саат 09:45ке карата Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жол ачык.

Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда абал туруктуу.

Учурда жол кызматкерлери автожолдордо көзөмөл жүргүзүп, кыймыл коопсуздугун камсыздоо иштерин улантууда.

Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол эрежелерин сактоого жана ылдамдыкты азайтууга чакырат.

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X